Молдовада Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды
11 январь

Молдовада Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды

Молдовада Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, биргелешкен издөө иш-чараларынын натыйжасында Молдовада 1965-жылы туулган Х.Х. аттуу жаран кармалган. Ал Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.

Шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган (кызматтык абалын пайдалануу менен жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) кылмыш жасады деп айыпталууда.

Ошентип, Х.Х. аттуу жаран мамлекеттик кызматкер болуп турган учурда, материалдык киреше алуу максатында алдамчылык жолу менен С.Д. аттуу жарандан чоң суммадагы акча каражатын тартып алып, анын материалдык зыянга учурашына себеп болгон. Мындан тышкары, Х.Х. бир катар ушундай эле кылмыштарды жасоого шектелүүдө.

Бүгүнкү күндө КР Башкы прокуратурасы тарабынан кармалган адамды экстрадициялоо маселеси каралууда.