Агрардык секторун санариптик трансформациясын колдоо үчүн жаңы маалыматтарды иштетүү ишке кирди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) колдоосу менен түзүлгөн заманбап.
Маалыматтарды иштетүү борборун (МИБ) расмий түрдө ачты. Бул борбор «Кыргыз Республикасында мал чарба продукциясынын коопсуздугун жогорулатуу максатында жаныбардан алынган продукцияны комплекстүү интеллектуалдык көзөмөлдөө системасын ишке киргизүү» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Жаңы МИБ министрликтин ведомстволук санариптик маалыматтык системаларынын туруктуу, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган негизги инфраструктуралык платформа болуп саналат. Борбор төмөнкү системалардын ишенимдүү иштешин камсыздайт:
- Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы (ЖИКС);
- «Санарип VET» автоматташтырылган маалыматтык системасы;
- Ветеринария, мал чарбасын башкаруу жана жаныбардан алынган продукциянын ачыктыгын жогорулатууга багытталган башка санариптик сервистер.
МИБдин ишке кириши маалыматтардын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, агрардык сектордогу санариптик чечимдердин масштабдуулугун кеңейтүүгө жана улуттук маалыматтык платформалар менен интеграцияны жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Бул – өлкөнүн агрардык тармагында санариптик трансформацияны ылдамдатууга багытталган маанилүү кадам.
Жаңы борбордун техникалык эксплуатациясын жана туруктуу иштөөсүн Министрликтин IT-инфраструктурасын тейлеген «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси камсыздайт.
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы KOICAга агрардык сектордун өнүгүүсүнө, санариптик трансформацияны колдоого, мал чарба продукциясынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирет.
