Байсалов «алдыдагы 10 жылда ар бир кыргызстандык чет өлкөгө саякаттоого чыга ала тургандай мүмкүнчүлүккө жетээрин» айтты
15 июль

Байсалов «алдыдагы 10 жылда ар бир кыргызстандык чет өлкөгө саякаттоого чыга ала тургандай мүмкүнчүлүккө жетээрин» айтты

Кыргызстандыктардын жашоо деңгээли алдыдагы он жылда 3 эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Ал Россия жана Казакстандын тургундарынын жашоо деңгээлине болгон суктануусун жашырган жок. Айтымында, учурдагы бийлик жарандарынын мүмкүнчүлүгүн өнүккөн өлкөлөрдүн жарандарынын мүмкүнчүлүгүнө теңөөгө аракеттенип жатат.

«Биз көрүп эле жүрөбүз, Россия, Казакстандын жарандарынын мүмкүнчүлүгү кеңири. Биз биздин да апаларыбыз, жарандарыбыз кыштын чилдесинде Таиландга же башка чет өлкөлөргө барып эс ала тургандай болушса деп максат койгонбуз. Албетте, азыр да жашоо жакшы, токчулук, бирок ар бир үй-бүлөнүн мүмкүнчүлүгү чет өлкөлөргө саякаттоого жетсе дейбиз. Буйруса, 9-10 пайыз менен өсүп турсак, 3 жылда Казакстандын деңгээлине кирип барабыз. Бул өлкө бизден байыраак, нефти, газ бар. Бирок биз дагы артта калбайбыз, көзүбүз жетип турат», – деди ал.

Ошондой эле төраганын орун басары, президент тарабынан коюлган, жакынкы 7-8 жылда аткарыла турган социалдык тапшырмаларга токтолду.

«Биринчи кезекте, саламаттыкты сактоо жааты. Кандай абалга кептелгенибиз баарыбызга белгилүү, мамлекеттик оорукана, бейтапканаларда дарыгерлер 7-8 миң сом айлык акы алып, анын айынан бейтаптардан акча алган же орой мамиле кылган көрүнүш көбөйгөн. Алар өздөрүн жеке менчик бейтапканасынын дарыгерлериндей сезип алышкан болчу. Учурда дарыгерлердин айлык акысы көтөрүлүп, мындай көрүнүш азайууда. Ал эми мектепчи? Бир класста 50-60 бала окуп, жакшы окуган, идиректүүлөрүн алдыңкы партага отургузуп, мугалимдер алар менен гана алек болуп, калгандарына көңүл бурулчу эмес. Мындай терс көрүнүш дагы жоюулуп баштады», – деди Байсалов.

Ал Кыргызстан «илбирс секиригин» жасоого күч топтоп жатканын кошумчалап, 2030-жылдан кийин бир майда секирик, андан соң катуу секирик жасалаарын белгиледи.