Баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча жаңы мамлекеттик программаны иштеп чыгуу маселелери талкууланды
2026-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 445 токтому менен бекитилген 2022–2026-жылдарга карата баңгизаттарга каршы программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылуу жана 2027–2031-жылдарга карата жаңы мамлекеттик программаны иштеп чыгуу маселелерине арналган жумушчу топтун жыйналышы болуп өттү.
Жыйналышка тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрү, жумушчу топтун мүчөлөрү жана эксперттер катышты.
Жыйналыштын жүрүшүндө учурдагы баңгизаттарга каршы мамлекеттик программанын ишке ашырылышы, аткарылган иштердин жыйынтыктары, ошондой эле алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу багыттар талкууланды.
Өзгөчө көңүл 2027–2031-жылдарга карата жаңы мамлекеттик баңгизаттарга каршы программаны иштеп чыгуунун концепциясына бурулду. Катышуучулар тарабынан бул багыттагы сунуш-пикирлер айтылып, мамлекеттик органдардын ортосундагы ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү, баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин кеңейтүү жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.
Жыйналыштын алкагында эксперт Исаков Тимур Аспекович тарабынан жумушчу топтун алдыдагы ишинин негизги багыттары жана жаңы мамлекеттик программанын концепциясын иштеп чыгууга байланыштуу маалымат берилди.
Жыйынтыгында жаңы мамлекеттик программаны иштеп чыгууда бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун сунуштарын эске алуу, өз ара кызматташууну бекемдөө жана белгиленген милдеттерди өз убагында ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.
Жаңы мамлекеттик программаны иштеп чыгуу баңгизаттарга каршы күрөшүү системасын өркүндөтүүгө, алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкөдө баңгизатсыз, коопсуз коомду калыптандырууга багытталган.
