Ноокенде автоунаасында ок атуучу курал алып жүргөн жаран аныкталды
видеодон алынган кадр
2 ноябрь

Ноокенде автоунаасында ок атуучу курал алып жүргөн жаран аныкталды

Ноокен районунун Шайдан участкасынан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу куралды автоунаасында алып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашты.

Аталган факты боюнча жеринде тиешелүү документтер толтурулуп, аңчылык эрежелерин бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаранга 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, ок атуучу куралга байланыштуу жагдайларга укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде андан аркы чараларды көрүү үчүн тиешелүү материалдар Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Рейддик иш чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмүнүн жана Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн.