Япониялык адистер Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын изилдөөдө
2026-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине белгилүү жапон медиасүрөтчүсү, изилдөөчү, Цукуба университетинин доценти Очиаи Ёити (Yoichi Ochiai) баштаган делегация келди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Делегациянын курамында Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Япониядагы жана Кыргызстандагы өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро болду.
Музейде коноктор үчүн тааныштыруу экскурсиясы уюштурулуп, анда Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасы, улуттук каада-салттары жана музей экспонаттары тууралуу маалымат берилди.
Сапардын алкагында салттуу искусство менен заманбап санариптик технологияларды айкалыштыруу жана эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Ошондой эле жапон медиатобу Кыргызстандын маданияты жана эки тараптуу кызматташтык тууралуу материалдарды даярдоо максатында видеотасмага тартуу иштерин жүргүздү.
