Президент Садыр Жапаров Талас облусуна иш сапар менен барат
президенттин администрациясы
2 ноябрь

Президент Садыр Жапаров Талас облусуна иш сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Талас облусуна иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчысы аймактын эли менен жолугушуп, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин облустун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат, ошондой эле Талас шаарындагы “Талас Арена” борбордук стадионунун ачылыш аземине катышат.