ССМ: ымыркайга жардам көрсөтүү үчүн уюштурулган акча чогултуу алдамчылык болушу мүмкүн
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 ноябрь

ССМ: ымыркайга жардам көрсөтүү үчүн уюштурулган акча чогултуу алдамчылык болушу мүмкүн

Социалдык тармактарда бетинде тубаса кемтиги бар ымыркайдын сүрөтү тартылган видео жана ага каржылык жардам көрсөтүү өтүнүчү таралууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, баланын өзү, анын оорусу жана акча чогултуунун мыйзамдуулугу тууралуу маалыматтар расмий түрдө тастыкталган эмес.

Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды жарыяларда көрсөтүлгөн эсептерге акча которуудан карманууга жана текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырды.

«Кайрымдуулук жардамын көрсөтүүдөн мурда мындай кайрылуулардын аныктыгын кылдат текшериңиздер. Сак болуңуздар жана боорукерлигиңиздерди мүмкүн болгон алдамчылык максатында пайдаланууга жол бербеңиздер», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министрлик дарыланууга каражат чогултуу боюнча кайрылууларга акча которуудан мурда алардын аныктыгын текшерүү зарылдыгын эскертти.