Анкарада кыргыз элинин маданий мурасын даңазалаган «Мураскер» эстелиги орнотулду
2026-жылдын 29-октябрында Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) XIII саммитинин алкагында «Бештепе» түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркында кыргыз элинин маданий мурасын даңазалаган «Мураскер» эстелиги орнотулду. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда өтүп, саммиттин программасынын алкагында мамлекет башчылары парктагы мүчө өлкөлөр тарабынан орнотулган көркөм чыгармалар жана улуттук объектилер менен таанышты.
«Мураскер» эстелиги кыргыз элинин байыркы тарыхын, улуттук маданиятын, көчмөн цивилизациясын, ата-бабалардан мурас болуп калган руханий баалуулуктарын чагылдырган маанилүү маданий символ болуп саналат.
Аталган эстеликтин Анкара шаарында орнотулушу кыргыз элинин улуттук мурасын эл аралык деңгээлде таанытууга, түрк мамлекеттеринин ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды бекемдөөгө, жалпы түрк дүйнөсүнүн бай мурасын сактоого жана келечек муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
