Билим берүү министри кызматынан бошотулду деген маалымат жалган
Социалдык тармактарда билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева кызматынан бошотулду деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымына караганда, айрымдар бул маалыматка ишенип, аны таратууда.
"Министрдин кызматтан бошотулгандыгы тууралуу документ - фотомонтаж жана министр кызматтан бошотулду деген маалымат жалган", - деди ал.
Белгилей кетсек, Догдургүл Кендирбаева 2023-жылдын октябрынан тарта билим берүү жана илим министри кызматын аркалап келет.
