Кийинки жуманын аягында кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылдын январынан тарта күчүнө кирген жаңы Эмгек кодексине ылайык, Курман Айт майрамы расмий түрдө жумуш эмес күн деп таанылганын билдирет.
2025-жылы Курман Айт 6-июнь, жума күнүнө туура келет. Ушуга байланыштуу бул дата Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында расмий иш эмес күн деп жарыяланат.
Муфтияттын маалыматына караганда, 5-июнь күнү арапа, ал эми 6-июнда Курман айт белгиленет.
Курман айт майрамы — мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Бул майрам Орозо бүткөндөн соң 70 күндөн кийин белгиленет. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.
