Келечектеги турак жай: эмнеге мындан ары аянттын чоңдугу маанилүү эмес
19 август

Келечектеги турак жай: эмнеге мындан ары аянттын чоңдугу маанилүү эмес

2025-жылдын 15-августунда Sheraton мейманканасында өткөн TED Talk сериясынын үчүнчү жолугушуусунда алдыңкы архитекторлор, куруучулар жана рыноктун эксперттери заманбап шаарда турак жайдын баалуулугунун кабылдоо кандайча өзгөрүп жатканын талкуулашты. Жолугушуунун темасы – «Жашоо тажрыйбасы кыймылсыз мүлктүн жаңы стандарты катары» – урбанизация доорунда батир жөн гана чарчы метрлердин жыйындысы болуудан калганын баса белгиледи.

Иш-чаранын уюштуруучусу – Royal Central Park долбоорунун куруучусу RCA Living компаниясы жана анын стратегиялык өнөктөштөрү. Курулуш министрлигинин өкүлдөрү, инвесторлор жана шаар куруу боюнча адистерди кошкондо 650дөн ашуун конок жаңы приоритеттерди талкуулоо үчүн чогулушту.

“Чарчы метр үчүн баадан” “бакыт индексине” карай

«Ондогон жылдар бою турай жай үчүн негизги критерий аянт болгон: канчалык чарчы метр көп болсо, батир ошончолук кымбат деп эсептелчү», – деп эскерди профессор, архитектор жана шаар куруучу Кенешев Төлөбай Сейдакматович. 

Бирок анын айтымында, азыр реалдуулук өзгөрдү: «Бүгүнкү күндө кыймылсыз мүлктүн баасын жарык, аба, тынчтык, ыңгайлуулуктар жана турак жай ээлерине тартуулаган эмоциялар аныктайт».

Статистика бул тенденцияны тастыктайт: McKinsey Global Housing Survey (2023) маалыматы боюнча, сатып алуучулардын 80%ы биринчи кезекте батирдин аянтына эмес, жашыл зоналарга, табигый жарыкка жана ыңгайлуулуктардын экосистемасына көңүл бурушат.

Жаңы муун эрежелерди аныктоодо

«Жаштар мындан ары чарчы метрлерди сатып алышпайт, алар жашоо образын сатып алышат», – деп белгиледи маркетинг жана курулуш бизнеси боюнча эксперт Данияр Урманбетов.

Ал Deloitte (2022) изилдөөсүн мисал келтирди, ага ылайык, жаштардын 61%ы өнүккөн инфраструктурадагы жана борбордук жерде жайгашкан жарык батир үчүн 10–15 м²дан баш тартууга даяр.

Рынок тажрыйбасы: кардарлар жашоо образын тандашат 

Bishkek Rielt Agency компаниясынын башкы директору Кандиева Муаззам Хикматиллаевна белгиледи: 

«Мурда мен кардардын башкы суроосу – “Канча чарчы?” деп ойлочумун. Бирок 19 жылдык ишимде чарчы метрлерди эмес, жашоо образын сатып алышарына ынандым». 

Ал кошумчалагандай, тынчтыкты, жарыкты жана ыңгайлуулукту камсыз кылган, терең пландалган бир чарчы метр, тар жана ыңгайсыз мейкиндиктин он метринен да кымбат болушу мүмкүн.

Royal Central Park: талаптардан алдыга озгон долбоор 

Жолугушууда Royal Central Park долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Комплекстин "Бир кадам – миң ыңгайлуулук" концепциясы 60 000ден ашуун тургун 800 метр радиуста жашап, иштеп, окуп жана эс ала алат деп болжолдойт. 

Комплекстин аймагынын 71%ын парктар, суу сактагычтар жана жашыл аймактар ээлеп, жаратылыш менен табигый байланыш түзүлөт. TED Talkта коноктор "эмоция батирине" да бара алышты – ал жарык, үн, жыт жана материалдар аркылуу тургундардын келечектеги тажрыйбасы моделделген мейкиндик. 

Имараттарды эксплуатациялоо боюнча эксперт Азат Шаршенбек уулу Royal Central Park кыймылсыз мүлктү башкаруунун жаңы моделин киргизерин белгиледи: 

"Көп жылдар бою куруучулар бир жолку сатуу менен чектелип, тургундарды көйгөйлөрү менен жалгыз калтырып келишкен. Бул жерде биринчи жолу жашоонун узак мөөнөттүү сапатына басым жасаган эл аралык команда иштейт".

Келечектин турак жайы: ашыкча чарчы метрлер эмес, ыңгайлуу жашоо 

Жолугушуунун соңунда катышуучулар бир пикирге келишти: кыймылсыз мүлктүн баасы метрлердин саны менен эмес, чөйрөнүн сапаты жана турак жайдын жашоочуларына тартуулаган эмоциялары менен өлчөнүшү керек.

«Архитектура дүйнөлүк тенденцияларды эске алганда, инвесторлор стратегиялык ой жүгүртсө жана башкаруучу компания комфортко кам көрсө, анда брокерлер кардарларга чарчы метрлерди эмес, толук кандуу жашоо образын сунуштай алышат», – деп жыйынтыктады Муаззам Кандиева айым. 

TED Talk 3 Бишкекте турак жайдын жаңы маданияты жаралып жатканынын дагы бир далили болду, анда «жакшы жашоо» «көп нерсеге ээ болуудан» алда канча маанилүү.