Панфилов паркындагы кырсык. Кылмышка шектүү делген жаран кармалды
2 апрель

Панфилов паркындагы кырсык. Кылмышка шектүү делген жаран кармалды

2025-жылдын 31-март күнү Биринчи май районунун аймагында жайгашкан Панфилов атындагы сейил бакдагы аттракциондордун биринен 2006-жылы туулган Ш.Ж., аттуу кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканалардын бирине жеткирилген.

Аталган окуя боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 297-( Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.