Кыргызстан менен Россия ветеринария жана айыл чарба продукциялары боюнча кызматташууну кеңейтет
Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев менен Россия Федерациясынын Федеральдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын (Россельхознадзор) жетекчиси Сергей Данкверттин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары министрлигинен кабарлашты.
Жолугушууда Адилет Сотовалдиев Федеральдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматка караштуу мекемелердин, өзгөчө ФГБУ «ВНИИЗЖ» институтунун адистеринин жогорку кесипкөйлүгүн белгилеп, аталган институт иштеп чыккан оору — ящур — боюнча орус вакцинасынын жогорку натыйжалуулугун баса белгиледи. Кыргыз тарап тиешелүү ветеринардык препараттарды алуу менен кызыкдар экенин билдирди.
Сергей Данкверт Россия тарап Кыргыз Республикасына жаныбарлардын ооруларына каршы вакциналарды экспорттоого жана аларды туура колдонуу, андан аркы мониторинг жүргүзүү боюнча зарыл коштоолорду берүүгө даяр экенин тастыктады.
Жолугушууда айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын кеңейтүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.
Сергей Данкверт Евразия экономикалык союзуунун талаптарына жооп берген кыргыз товарларынын импорт көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууга даярдыгын билдирди.
Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына мал чарба продукцияларын, анын ичинде балык продукциясын жеткирүү тартибин андан ары өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ветеринария тармагындагы эки тараптуу кызматташууну чыңдоого жана өз ара сооданы кеңейтүүгө, айрыкча балык жана сүт өндүрүмдөрү боюнча кызматташууну күчөтүүгө болгон умтулуусун тастыкташты.
