Байсалов: Садыр Жапаров бийлик башына келгенде Кыргызстандын мамлекет деген аты бар, бирок заты жок болчу
15 июль

Байсалов: Садыр Жапаров бийлик башына келгенде Кыргызстандын мамлекет деген аты бар, бирок заты жок болчу

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы «бар туруп жок болгон» мамлекетти колуна алган. Андан бери чечкиндүү кадамдары, чечкиндүү аракеттери менен Кыргызстанды саздан сууруп, элдин келечекке болгон үмүтүн жандырды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Айтымында, 2025-жылдын июнь айында 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү боюнча стратегия кабыл алынган. Анда баары камтылган: социалдык, экономикалык багыт, айыл чарба ж.б.

«Азыр беш жылдык планды ишке ашыруу аракеттери кайнап жаткан учур. Эң негизги түшүнө турган нерсебиз – өткөн беш жыл көз ачып жумгуча өтүп кетти. Садыр Нургожоевич 2021-жылы эл тарабынан шайлангандан кийинки мезгил өтө кыйын болду. Мен дайыма айтам, ал рулга отурган маалда бир дагы рычаг, бир дагы кнопка, мотор – эч жери иштечү эмес. Жөн эле мамлекет деген атыбыз бар, бирок жолубуз туңгуюк болчу. 5 жыл мурдагы “кара июлду” эстейли. Медицина ыйлай турчу абалга кептелип, жада калса дары-дармек жетишпей турганын көрүп, баарыбыз жакабызды кармабадык беле. Эмне деген мамлекетпиз дегенбиз. Ошонун баарын кайрадан курап, кынаптап чыкты. Конституциядан баштап канча деген мыйзамдар кабыл алынды, реформалар жасалды, администрация, аппарат, өкмөт, ал турмак айыл өкмөтүнө чейин бирден терип, чогултуп чыкты», – деди Байсалов мамлекет башчысынын ишмердүүлүгү тууралуу.

Ал белгилегендей, өлкө ичинде ички сурамжылоолор болуп турат жана ошондой эле, эл аралык уюмдардын дагы сурамжылоолору бар. Андагы маалыматтарга таянганда, Кыргызстан жылдан жылга алдыга кадам таштоодо.

«Дүйнөлүк банктын сурамжылоосу бар, кызыккандардын баары кирип караса болот. Мисалы, анда 2021-жылы элдин жакырчылыгын аныктаган көрсөткүч жогору болчу. Үй-бүлөсүн тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоого толук кандуу жетише албагандар, ал турмак бир күндө 3 маал тамактануунун ордуна бир же эки жолу гана тамактанууга мүмкүнчүлүгү жеткендер тууралуу ачык жазылып турат. Азыр ошол көрсөткүч 2 пайызга гана жетип жатат. Демек, өлкөдө финансылык коопсуздугу жок үй-бүлөлөрдүн саны азайууда», – деди Байсалов.