Кыргызстан быйыл инсулиндин эки түрүн жеткирүү боюнча келишимге кол койгон
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин саламаттыкты сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин 37-жыйынына катышкан Кыргыз Республикасынын делегациясынын иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана аны коштоп жүргөн адистер неврологиялык, эндокринологиялык жана офтальмологиялык ооруларды дарылоо үчүн дары-дармектерди чыгарган Россиянын алдыңкы фармацевтикалык заводдорунун бири «Герофарм» заводуна барышты.
Ишкананы кыдыруу конокторго заманбап өндүрүш жайлар, жогорку сапат стандарттары жана өндүрүш процессинде ишке ашырылган инновациялык чечимдер менен таанышууга мүмкүндүк берди. Заводдун өкүлдөрү бардык этаптарда — дары-дармектерди иштеп чыгуудан баштап, аларды массалык түрдө чыгарууга чейин колдонулуп жаткан технологиялар жөнүндө кеңири айтып беришти. Жолугушууда Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, быйыл «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу Кыргызстан кант диабети менен ооруган бейтаптар үчүн инсулиндин эки түрүн алып келүү боюнча келишимге кол койгон.
Министр калкты сапаттуу дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттер ортосундагы фармацевтикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Россиядагы социалдык маанилүү дары-дармектерди чыгаруучу ири компаниялардын бири болгон PHARMASINTEZ жана фармацевтикадагы биотехнологиялык инновациялардын алдыңкы иштеп чыгуучусу BIOCAD жана башка компаниялардын фармацевтикалык жетишкендиктери көрсөтүлдү.
