Кыргызстан менен Ирандын ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты
Кыргызстан менен Ирандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаевжана Аббас Арагчи жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушуу иран тараптын демилгеси менен 15-июлда Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар 2025-жылдын 28-апрелинде Тегеранда өткөн Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 14-отурумунун жыйынтыгын канааттануу менен билдиришти.
Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы азыркы кырдаал боюнча пикир алмашышты.
