Дональд Трамп майда Сауд Аравияга барат
Америанын президенти Дональд Трамп майда Сауд Аравияга барат. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт брифингде билдирди.
Учурдагы этапта Сауд Аравия россия менен АКШнын Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрүндө негизги ачык ортомчу болуп саналат.
Сауд бийлиги буга чейин эки жолу Россия Федерациясынын жана АКШнын жогорку даражалуу делегацияларынын сүйлөшүүлөрү үчүн аянтчаны камсыз кылган.
Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу Эр-Риядда болушу мүмкүн экенин четке каккан жок.
