Ошто статистика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди
25 апрель

Ошто статистика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн Ош шаардык статистика башкармалыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышып, статистика тармагында эмгектенип келе жаткан кызматкерлердин, ардактуу ардагерлердин кесипкөйлүгүн белгилеп, кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле, ак эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар жана белектер менен сыйлады.

Белгилей кетсек, КРнын ыргыз Республикасынын Статистика кызматкерлеринин кесиптик майрамы 1995-жылдан бери жыл сайын апрель айынын акыркы жекшембисинде белгиленип келет. Быйыл бул тармакка 99 жыл толду.