Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан кетти
Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматынан кетти. Маалыматты өзү журналисттерге тастыктады.
Ал ката кетирилгенин жана кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганын кыйытты.
Эске сала кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигин 2020-жылдын октябрь айынан тарта 2022-жылдын август айына чейин жетектеген. Кайра 2023-жылдын сентябрь айында министр болуп дайындалган.
