Бишкекке эки электробус алып келинди
2 апрель

Бишкекке эки электробус алып келинди

Кытайдын Anhui Ankai Automobile Company компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Бишкекке эки электробус алынып келинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул электробустар айдоочуларды окутууга жана даярдоого, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүүгө арналган.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоорго ылайык, борбор калаадагы эки троллейбус автобазасында 2025-жылдын июнь айында келе турган электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоого багытталган реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Реконструкцияга заманбап электр заряддоочу каражаттарды орнотуу жана автобазаны электробустардын эффективдүү иштөөсүнө ылайыкташтыруу камтылган.