Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 94 эркек жабыркаган
7 апрель

Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 94 эркек жабыркаган

Башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өткөн жылдагы ведомствонун ишмердүүлүгү тууралуу отчет берип жатып, өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кырдаалды маалымдады.

Анын айтымында, 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 656 кылмыш иши козголгон, алардын ичинен 36сы Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси боюнча. Натыйжада 458 аял, 104 бала жана 94 эркек жабыркаган.

Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулук тармагындагы мыйзам бузуулар аныкталган учурлар боюнча тиешелүү адамдарга карата 6 018 протокол түзүлгөн. Көрсөтүлгөн бардык фактылар боюнча укук коргоо органдарынын иши уланууда.