Ош облусунда 13 көмөк чордондо трансформаторлор алмашат
2025-жылы Ош электр тармактары ишканасы тарабынан энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу иштер жүргүзүлөт, деп кабарлайт Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.
Бул иштердин негизги багыттары болуп капиталдык курулуш, реконструкция иштери саналат.
Капиталдык курулуш иштери боюнча төмөнкү объекттерде кошумча кубаттулуктарды көбөйтүү максатында иш жүргүзүлөт:
1. Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына 35 кВ “Абшыр” көмөк чордону курулат.
2. Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына 35 кВ “Абшыр” жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы курулат.
Каскадтык метод менен трансформаторлор алмашат:
1. 220/110/10кВ «Узловая» көмөк чордонунда 200MBA кубаттуулуктагы трансформатор 250MBA трансформаторго алмашат.
2. 110/35/10кВ «Кара-Шоро» көмөк чордонуна 25МВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулат.
3. 110/10кВ «Таширова» көмөк чордонунда 10MBA трансформатордун ордуна 16MBA кубаттуулуктагы трансформатор орнотулат.
4. 110/10кВ «Төбө-Коргон» көмөк чордонунда 6,3MBA трансформатор 10MBAге алмашат.
5. 110/10кВ «Беш-Мойнок» көмөк чордонунда 6,3МВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулат.
6. 35/10кВ «Речная» көмөк чордонунда 10MBA кубаттуулуктагы трансформатор 16MBA кубаттуулуктагы трансформаторго алмашат.
7. 35/10кВ «Западная» көмөк чордонунда 6,3MBA кубаттуулуктагы трансформатор 10MBA ге алмашат.
8. 35/10кВ «Мырза-Аке» көмөк чордонунда 2,5MBA трансформатор 6,3MBAге алмашат.
9. 35/10кВ «Заргер» көмөк чордонундагы 1,6MBA трансформатор 2,5МВАге алмашат.
10. 35/10кВ «Ош-7» көмөк чордонундагы 10MBA трансформатор 16MBA кубаттуулуктагы трансформаторго алмашат.
1 1. 35/10(6)кВ «Ош-5» көмөк чордонундагы 6,3MBA трансформатор 10MBAге алмаштырылат.
12. 35/10(6)кВ «Ош-3000» көмөк чордонундагы 4,0MBA трансформатор 6,3 МАге алмаштырылат.13. 35/10кВ «Куршаб» көмөк чордонундагы 2,5MBA трансформатор 4,0MBAге алмашат.
Бөлүмчөлөрдүн(участка) курулушу:
1.Кара-Суу РЭТИнде Отуз-Адыр бөлүмчөсү курулат.
2.Өзгөн РЭТинде Куршаб бөлүмчөсү курулат.
3.Алай РЭТинде Сары-Таш бөлүмчөсү курулат.
4.Өзгөн РЭТинде Салам-Алик бөлүмчөсү курулат.
КТП орнотуу иштери:
6-10/0.4 кВ кубаттуулуктагы кошумча КТП орнотуу – 13 даана
6-10/0.4 кВ кубаттуулуктагы кошумча ГКТП орнотуу – 23 даана
СИП линияларын куруу:
• 10 кВ кубаттуулуктагы СИП-3 маркасындагы аба чубалгысын куруу – 10,02 км
• 0.4кВ кубаттуулуктагы СИП-2 маркасындагы аба чубалгысын куруу – 16,25 км
• 6/10кВ кубаттуулуктагы СИП-3 маркасындагы аба чубалгысы реконструкцияланат – 28,41 км
• 0,4 кВ СИП-2 маркасындагы аба чубалгылары реконструкцияланат –33,7 км
• ВЛ-10 кВ – 3,8 км (857,4 миң сом)
Жогорудагы жумуштар жылдын төрт кварталына бөлүнүп, ар бир ай боюнча этап-этабы менен ишке ашырылат. Иштердин негизги бөлүгү III жана IV кварталдарга туура келет.
