Салыкчылар Кара-Суу районунан 372 литр маркасы жок мотор майын аныктап, тартып алышты
25 апрель

Салыкчылар Кара-Суу районунан 372 литр маркасы жок мотор майын аныктап, тартып алышты

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык текшерүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылында жайгашкан "Г-О" унаа майларын алмаштыруу станциясына текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 67 935 сомду түзгөн, акциздик маркасы жок 372,8 литр мотор майы аныкталды жана тартып алынды.

Жогорудагы фактынын негизинде жеринде баштапкы документтер таризделди. Материалдар КРнын ченемдик укуктук актыларына ылайык юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Салык кызматы эскертет: 2024-жылдын 1-октябрынан тартып мотор майлары, бензиндер, дизель майы, атайын жеңил жана орто дистилляттар милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш.