"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы жаңы жылдык майрам күндөрүндө күнү-түнү иш алып барат
"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы жаңы жылдык майрам күндөрү күнү-түнү иштей тургандыгын маалымдайт.
Кезметчилердин графиги түзүлүп, кошумча ыкчам бригадалар уюштурулду.
Эгерде авариялык абал жаралса же жылуулук жана ысык суу берүү боюнча суроолоруңуз болсо, Керектөөчүлөрдү колдоо борборуна кайрылсаңыз болот: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166;
- Диспетчердик кызмат: 56-85-58;
- Борбордук райондогу үй ичиндеги системалар боюнча нөөмөттөгү инженерлер: 36-57-19, 30-07-67;
- Түштүк райондогу үй ичиндеги системалар боюнча нөөмөттөгү инженерлер: 51-06-22, 21-74-06.
