Ош шаарында дагы бир үч эмдин үй-бүлөсүнө батир тапшырылды
15 июль

Ош шаарында дагы бир үч эмдин үй-бүлөсүнө батир тапшырылды

Ош шаарындагы дагы бир үч эмдин үй-бүлөсүнө үч бөлмөлүү батир берилди.

Мэриядан кабарлашкандай, шаардагы Эдельвейс дачасынын жолуна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берүү учурунда аталган конуштун жашоочусу, жети балалуу баатыр эне Элмира Сулайманкулова үч эм балдары Асан, Үсөн, Батма менен шаар мэри Жеңишбек Токторбаевге жолуккан. Ал буга чейин эки жолу эгиз балалуу, андан кийин үч эмдүү болгонун айткан.

Калаа башчысы эл алдында үч эмге шаардан батир белекке берүүнү убадалап, бүгүн убадасын аткарып, үч эмди жана эгиз балдарды, алардын ата-энесин кабыл алып, үч бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды.