Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
19 декабрь

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. 

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 18-декабрда саат 20:46да катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен. 

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кең-Суу, Эчкили-Таш айылдарында 3,5 баллга (Эчкили-Таш айылынан 10 чакырым түштүк чыгышка, Кең-Суу айылынан 17 чакырым түштүк чыгышка, Каракол шаарынан 90 чакырым түштүк чыгышка) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.