Баткенде бүгүн алты объект ачылды
Баткен облусунда жалпы суммасы 5 млн долларды түзгөн 6 долбоор ишке ашты. Натыйжада 140 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ишканалар бүгүн, 30-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун онлайн катышуусунда ачылды.
Алар:
- Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Жаңгакты дарыясына курулган «Белес» чакан ГЭСи.
- Лейлек районунун Раззаков шаарында жайгашкан этти кайра иштетүүчү цех.
- Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Мурзакарим” ЖЧКсынын темир бетон заводу
- Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагында “Мега Стоун Ресурс” ЖЧКсынын шагыл майдалоочу цехи
- Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында таш майдалоо жана бетон чыгаруу цехи
- Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында “Табышкер” ЖЧКсынын Үч-Коргон көмүр кени.
Белгилей кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата 31-августта облуста 7 объект ачылган.
Андан соң, Баткен облусунун 25 жылдыгына карата 25 объект ачылып, пайдаланууга берилген. Учурда облуста дагы 4 типтүү мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр.
Бүгүн жалпы өлкө боюнча 17 ишкана ачылды.
Ишканалардын ачылуу аземине жеринен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
