"Каракол" эл аралык аэропортунда өрт-тактикалык машыгуу өттү
Ысык-Көл облусундагы "Каракол" эл аралык аэропортунда күн мурун өрт-тактикалык машыгуу өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, машыгуу өрт кырсыктарын жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин биргелешип жоюуга багытталган келишимдин негизинде жүрүп, кызматтардын биргеликте иш алып баруусуна багытталды.
Ошондой эле куткаруучуларга өрт-тактикалык машыгуунун сценарийи боюнча бузулуп, учуучу тилкеден чыгып кеткен учактагы жарандарды эвакуациялоо жана өрт кырсыгын жоюу боюнча усулдук сабак өтүлдү.
Белгилей кетсек, машыгуу КР ӨКМдин Каракол шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тез жардам жана аэропорттун кызматкерлери менен биргеликте өткөргөн.
