ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары сыйланды
2025-жылдын 12-декабрь күнү Баткен шаарындагы Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнө Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев келип, чек араны тосуу иштерине катышкан аскер кызматчыларын сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Иш-чарага 7707-аскер бөлүгүнүн командири Кубаныч Итигулов жана бөлүктүн өздүк курамы катышып, акчалай сыйлыктын сертификаттары менен сыйланышты.
Камчыбек Ташиев чек араны тосуу иштериндеги аскер кызматчыларынын эмгегин жогору баалап, аларга ыраазычылык билдирди. Эскерте кетсек, 2025–жылдын 22-май күнү 7707-аскер бөлүгүнүн өздүк курамынан түзүлгөн 50 аскер кызматчыдан турган алгачкы жумушчу топ Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын Ганжак участкасында казык устунун орнотуу иштерин баштаган.
Азыркы күнгө чейин аскер бөлүктүн өздүк курамы үзгүлтүксүз чек араны тосуу иштерине активдүү катышып келишүүдө.
