Москва районунда 1,5 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды
2025-жылдын 14 июль күнү Москва районунун милиция кызматкерлери тарабынан «Кара-Куурай» иш-чарасы жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында иш алпарышты.
Иш-чаранын алкагында Кыз-Моло жана Сретенка айылдарында кара куурай өскөн жерлер аныкталып, 1,5 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды.
Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана колдонууга тыюу салынганын түшүндүрүшүүдө.
