Айдоочулар жол белгилерине баш ийбегендигинен жол кырсыктары болууда
12 декабрь

Айдоочулар жол белгилерине баш ийбегендигинен жол кырсыктары болууда

2025-жылдын 12-декабрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаа “Азамат” унаа базарынан чыгып келе жатып, жол белгиге баш ийбей, Бишкек-Ош унаа жолунун 15-чакырымынын Бишкек шаарды карай бурулам деп жолго чыгы калган. Ошол учурда Хендай Палисад үлгүсүндөгү унаасы келип сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчү катары бара жаткан жаран ошол жерден көз жумушкан.

Хендай Палисад үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү Сокулук ооруканасына тез жардамы менен кетишкен.

Азыркы учурда Сокулук РИИБнүн ыкчам тобу Чүй ОИИББнын ЖКККБгы жол кырсыгы болгон жерде жумуш алып барууда.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБгы айдоочулардан жол белгилерине баш ийип, унаа башкарууга чакырат.