Милициянын генерал-майору Мурат Боронов «Каракол» тоо лыжа базасындагы коопсуздук чараларын текшерди
Бүгүн, 12-декабрь 2025-жыл, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Боронов «Каракол» тоо лыжа базасына иш сапары менен барып, ошол аймакта кызмат өтөгөн милиция кызматкерлеринин ишин жеринен текшерди.
Кышкы туристтик сезон расмий түрдө башталып, эс алуучулардын саны кескин көбөйгөнүн эске алуу менен, коомдук коопсуздукту камсыздоону күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Милициянын генерал-майору Мурат Боронов кызматкерлерге кызматтык тартипти так сактоо, туристтерге сылык жана маданияттуу мамиле көрсөтүү, зарыл болгон учурда тез жана натыйжалуу жардам берүү – негизги милдет экенин баса көрсөттү.
Ал милиция тарабынан түзүлө турган шарттар аймакка келген туристтердин жана өлкөнүн башка аймактарынан келген эс алуучулардын коопсуз, тынч жана жагымдуу эс алуусуна өбөлгө болушу керектигин белгиледи.
Иш сапардын алкагында тоо лыжа базасынын аймагындагы жалпы коопсуздук чаралары, кайгуул кызматын уюштуруу, коомдук тартипти сактоо жана инфраструктуранын абалы деталдаштырылып текшерилди. Ошондой эле тиешелүү багыттар боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
