Ипотекалык турак жай: 50 пайызын төлөө жолу менен кантип үйлүү болууга болот
Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жайлуу болууну көздөгөн жарандарда бир нече тандоо бар. “Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун Калкты тейлөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаеванын айтымында, жаран же кезекке туруп баштапкы төлөмү жок 25 жылга 4 же 8 пайыз менен батир ала алат. Же баштапкы төлөм катары алчу батирдин наркынын 50 пайызын төлөйт. Мында калган төлөм 15 жылга 8 пайыз менен бөлүнөт.
“Учурда баштапкы төлөмү жок батир алам деп кезекке тургандардын саны 60 миңге чамалап калды. Ал эми үлүштүк негизде алууну каалагандар 10 миңге жетти.
Баштапкы төлөмү жок алууда үч категория бар: социалдык, жеңилдетилген жана арзан.
Социалдык – 25 жылга 4 пайыз менен: жашы жете элек балдары бар жалгыз бой энелер, майыптыгы бар жарандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, майыптыгы бар адамдардын камкорчуларына берилет. Ошондой эле, айыл жергесинде иштеген, 35 жашка чейинки жаш адистер. Андан тышкары, Баатыр энелер.
Жеңилдетилген – жалпы бюджеттик тармактарда иштеген жарандар. Мында дагы 4 пайыз менен 25 жылга.
Арзан – жеке тармактарда расмий иштеген жарандар катышса болот. Аларга да баштапкы төлөмү жок берилет, бир айырма – 8 пайыз менен.
Буларга талап – 18 жаштан ашкан курактагы, КР жараны, менчик турак жайынын жоктугу жана акыркы 3 жылда кыймылсыз мүлктү алып-сатуу боюнча келишимге аралашпоо. Эмгек стажы да каралат – акыркы 2 жылдык эмгек стаж же акыркы бир жылда үзгүлтүксүз иштөө”, – деди адис.
Ал эми үлүштүк механизмде бир гана шарт бар – ал акыркы 3 жылда кыймылсыз мүлктү алып же саткан болбоого тийиш.
“Бул механизм башка өлкөлөрдө иштеп жаткан мигранттар үчүн киргизилген. Ошондуктан, эмгек стажы эсепке алынбайт. Алар батирдин наркынын 50 пайызын төлөсө, калганын үй салынып бүткөндөн кийин 15 жылга 8 пайыз менен бөлүп төлөйт. Эгерде 50 пайызын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, мында да ыңгайлуу шарттар каралган – жаран “Элдик банктан” депозит ачтырып, 30 пайызын топтошу керек. Калган 20 пайызын банк берет. 50 пайыз чогулгандан кийин батир алат дагы, биринчи банктан алган насыяны төлөп бүтөт”, – деди Толубаева.
