
Жалал-Абад облусунун башчысы Ноокен райондук ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ноокен райондук жалпы дарыгердик практика борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Облус башчысы оорукананын кышка карата даярдык чараларын жеринен көрдү.
Ошондой эле ал дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү аракети, бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар, мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.
"Өкүл аймактык оорукананын жетекчилигине энелердин жана балдардын өлүмүн алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.