Талас облустук милициясы дагы бир социалдык тармактын администраторун кармады
2025-жылдын 11-март күнү Талас ОИИБге 46 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2025-жылдын 7-март күнү «anonBesedka» аталышындагы телеграм баракчасынан 15 жаштагы кызынын телеграмына белгисиз жаран смс жазып, уяттуу сүрөтүн чыгарам деп, шантаж жолу менен акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.
Бул окуя Талас ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Талас ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Талас шаарынын тургуну 2008-ж.т. Б.У. кармалган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Б.У. «anonBesedka» аталышындагы телеграм баракчасын жана «talas.anonka» аталышындагы инстаграм социалдык баракчасын иштетип жүргөндүгү аныкталган.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
