Ош шаарындагы борбордук көчөнүн аталышы Алымбек датка деп өзгөртүлдү
3 июль

Ош шаарындагы борбордук көчөнүн аталышы Алымбек датка деп өзгөртүлдү

Ош шаарындагы борбордук Ленин көчөсүнүн аталышы өзгөрүп, Алымбек датка деп аталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, мындай сунушту Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев киргизген. 

"Көчөнүн аталышын өзгөртүү боюнча мэрдин сунушун Ош шаардык кеңеши XI сессиясында колдоп, чечим кабыл алып беришти", - деп айтылат маалыматта.