Кыргызстанда жер титирөө катталды
30 декабрь

Кыргызстанда жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы. 

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 30-декабрда саат 10:30да катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында, Чоң-Алай районунун Тунук айылында, Баткен облусунун Баткен районунун Кан айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.