Кыргызстанда жеке клиникалар эмгекке жарамсыздык баракчаларынын санариптик модулуна кошулууда
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жеке менчик медициналык уюмдарды эмгекке жарамсыздык баракчаларынын санариптик модулуна кошуу механизмин тесттик режимде ишке киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эми жеке клиникалар да эмгекке жарамсыздык баракчаларын электрондук форматта — ачык, ыңгайлуу жана бирдиктүү медициналык маалыматтык система аркылуу — расмий түрдө тариздей алышат. Бул саламаттык сактоо тармагын санариптештирүүдөгү кезектеги кадам жана медициналык уюмдардын санариптик кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү аракетинин бир бөлүгү.
Бул демилгени ишке ашыруу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын буйрук чыгарып, анда модулга кошулуу боюнча коомдук оферта (сунуш) келишимин киргизди. Аталган буйруктун алкагында:
- модулга кошулуу үчүн типтүү форма түзүлүп, жарыяланды;
- документтерди тапшыруу тартиби жана кирүү маалыматтарын берүү механизми аныкталды;
- эки этаптуу кошулуу модели киргизилди: жарым-жартылай автоматташтырылган этаптан толук санариптик форматка өтүүгө чейин.
Кантип кошулууга болот:
Биринчи этапта (жарым автоматтык режим, учурда иштейт):
- Жеке медициналык уюм mis.med.kg сайтына кирип, «Колдонуучу болуу» бөлүмүн тандайт.
- Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) аркылуу авторизациядан өтөт.
- Оферта келишими менен таанышып, макулдугун тастыктайт.
- Өтүнмөнүн формасын жүктөп алып, толтуруп, керектүү документтер менен бирге скан түрүндө жүктөйт.
- Маалыматтар текшерилгенден кийин клиника көрсөтүлгөн электрондук дарекке логин жана сырсөз алат.
Кийинки этап процессти толугу менен автоматташтырууну камтыйт (толук санарип форматы иштелип чыгууда жана жакынкы келечекте ишке киргизилет):
- Процесс толук автоматташтырылат — электрондук кол тамга (ЭЦП) менен өтүнмөлөрдү толук берүү жана кабыл алуу камсыздалат;
- Система автоматтык түрдө маалыматтарды текшерип, адистердин катышуусуз эле кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.
Кошулуу боюнча толук нускама mis.med.kg сайтында «Колдонуучу болуу» бөлүмүндө жайгашкан.
Саламаттык сактоо министрлиги жеке медициналык уюмдарды мамлекеттик саламаттык сактоо системасынын алкагында документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүү жана бейтаптар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдаланууга чакырат.
Маалымат үчүн: Бул демилге ПРООН тарабынан колдоого алынып, «Саламаттык сактоодогу санариптик ажырымды жоюу» боюнча Биргелешкен программанын алкагында ишке ашырылууда.
