Кыргызстанда жыл башынан бери 33 адам сууга чөгүп каза болду
3 июль

Кыргызстанда жыл башынан бери 33 адам сууга чөгүп каза болду

Кыргызстанда 2025-жылдын башынан бери 33 адам сууга чөгүп каза болду, деп билдирди 3-июлда ӨКМдин басма сөз кызматы. 

Чүй облусунда - 9 адам каза болсо, Ош облусунда - 8, Жалал-Абадда - 6, Ош шаарында - 3.

Нарын, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында 2ден учур катталса, Баткенде бирөө сууга чөккөн. 

Белгилей кетсек, 2024-жылы жалпы 35 сууга чөккөн учур катталган: 

  • Чүй облусунда - 13, 
  • Ысык-Көлдө - 7,
  • Жалал-Абадда - 4, 
  • Ош облусунда - 3,
  • Бишкекте - 3, 
  • Талас, Баткен облустарында жана Ош шаарында - 1.