Кыргызстанда электрондук эмгек китептери киргизилүүдө
Кыргызстанда жаңы «Электрондук эмгек китепчеси» (ЭЭК) модулу ишке киргизилүүдө. Бул жаңылык эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну жөнөкөйлөтүп, кызматкерлердин иш стажы боюнча маалыматтарды санарип форматка өткөрөт.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүрдү.
- Эмгек китепчелеринин зарылчылыгы жок — бардык маалымат электрондук түрдө сакталат.
- Эмгек стажы боюнча маалыматка жетүү оңой.
- Документтерди жоготуу же жасалмалоо тобокелчилиги жоюлат.
- Тутум кызматкерлер жана жумуш берүүчүлөр үчүн эсепке алууну ыңгайлуу жана ачыктыгын камсыз кылат.
Пилоттук сыноо 2024-жылдын 1-декабрына чейин башталып, ийгиликтүү апробациядан кийин модул өлкө боюнча киргизилет.
