Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды
2025-жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Н.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда С. С. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Анын айтымында, жогоруда аталган жаран арыздануучунун ишенимине кирип, алдоо жолу менен 2025-жылдын 1-июнунда Ахунбаев көчөсүндө турган жеринен арыздануучуга таандык ак түстөгү “KIA Seltos” үлгүсүндөгү, баасы 24 000 АКШ доллары болгон автоунаасын алган. Ошол учурда С.С. алдын ала 4 350 АКШ долларын берип, калган акча каражатын эки айдын ичинде төлөп берүүгө убада берген. Бирок, ал өз милдетин аткарбай, калган 19 650 АКШ долларын төлөбөй, дайынсыз болуп качып кеткен.
Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 1995-жылы туулган С.С. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же, жок экендиги аныкталууда.
Эгерде Сиз кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, төмөнкү телефон номуруна кайрылыңыз болот: 702 494 730 же 102.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
