Ипотекалык үйлөр: Бишкек шаарында кайсы даректерде курулууда? 
15 октябрь

Ипотекалык үйлөр: Бишкек шаарында кайсы даректерде курулууда? 

“Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун Калкты тейлөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева билдиргендей, учурда Бишкек шаарынын бир нече аймактарында ипотекалык көп кабаттуу турак жайлар курулууда. 

Айтымында, алар: Көк-Жар кичи районунда, 11-кичи районунда, Кубанычбек Маликов көчөсүндө (экинчи этабы), Кустанай көчөсүндө. 

Ал эми аймактарда берилген ипотекалык үйлөр: Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда, Каракол шаарында. 

Ошентип, Толубаева белгилегендей, 2025-жылдын башынан бери өлкөнүн 4500гө жакын жараны турак жай менен камсыз кылынды.