
Базар-Коргон районунда жаңы оорукана ачылат. Курулуш иштери аяктап калды
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы оорукананын курулушу дээрлик 95 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.
Объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
Долбоор боюнча 2 кабаттуу имарат терапия жана төрөт бөлүмдөрү бар, №11, №12 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу поликлиникасы менен каралган.
Имараттын жалпы аянты 2379 чарчы метрди түзөт.