Борбордук милиция кызматкерлери тарабынан никаб кийүүнү алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү
Бишкек шаарынын ИИББнын ЭММКАК кызматкерлери тарабынан көчөлөрдө жана коомдук жайларда чүмбөттөлгөн, жүзү жабык айымдар жана кыздар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан, жоолук салынган жарандарга Кыргыз Республикасынын “Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексиндеги 127-1 беренесинин талаптары жеткирилип, жоолугу менен бирок, жүзүн ачык болушу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүлдү. Ошону менен бирге, никаб кийген эже-карындаштарыбыздын атын жамынган кылмышкерлердин кылмыштуу аракеттерин алдын алуу максатында, жогоруда белгиленген мыйзамдардын талаптарына ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда, жүзүн толук жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салынгандыгы эскертилди.
Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексиндеги 127-1 беренесинин талаптарына ылайык коомдук жайларда жүзүн жашырып, чүмбөттөлгөн кийим кийгендерге карата жүргүзүлөт жана 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (20 000 сом) айып пул салынат.
Борбордук милиция кызматкерлеринин коопсуздукту камсыздоо максатында жүргүзүп жаткан аракеттерин түшүнүү менен кабыл алып, Никаб кийүүнү алдын алуу динге каршы күрөш эмес, тескерисинче аялдардын укуктарын, эркиндигин жана кадыр-баркын коргоого багытталганын билдирет.
