президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
30 апрель
Баткенде өрүк бышты
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн эрте бышуучу түрү бышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Жергиликтүү багбан Толубай Жалилов бир жыл мурун 20 гектар жер аянтын өздөштүрүп, анын 7 гектар аянтына өрүк тиккен. Быйыл өрүктөр мол түшүмүн берүүдө.
Ал Түркия өлкөсүнөн өрүктүн жарым карлик фуего, приция, микадо түрлөрүн алып келген.
Багбан түшүмүн Казакстан жана Россияга экспорттоодо.
