Кыргызстанга Того эмнеге керек
Саясат таануучу Асел Омуракунова Фейсбуктагы баракчасында Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин төрагасы Эссозимна Гнассингбенин Кыргызстанга расмий сапары тууралуу пикирин бөлүштү.
Анын пикиринде, бул расмий сапар кадимки протоколдук жолугушуу катары кабыл алынбашы керек. Бишкек үчүн бул Кыргызстан дипломатиялык чөйрөнү кеңейтип, тышкы саясатта жаңы багыттарды издеп жатканынын белгиси.
Омуракунова өлкөнүн Борбор Азия, Россия, Кытай, Түркия, Европа жана Жакынкы Чыгыш сыяктуу өнөктөштөр менен гана иштешүүсү жетишсиз экенин белгилейт. Бүгүнкү күндө Африка барган сайын көрүнүктүү болуп баратат. Африка континентинде калктын саны өсүүдө, жаңы базарлар ачылууда, ал эми африкалык мамлекеттер эл аралык уюмдарда өздөрүн ишенимдүү сезип калышты.
Ошондуктан, саясат таануучунун пикиринде, Кыргызстандын Африкага болгон кызыгуусу кокустук эмес, тескерисинче, толук рационалдуу көрүнөт. Бул жөн гана "алыскы өлкө менен достук" эмес, жаңы өнөктөштөрдү, рынокторду жана дипломатиялык колдоону издөө.
Кабыл алуу деңгээли да маанилүү. Гнассингбе Бишкекте мамлекеттик протоколго ылайык тосуп алынды. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда расмий азем болуп, эки өлкөнүн гимндери жаңырды, ардактуу кароол тизилди. Того делегациясы ошондой эле "Ата-Бейитке" барып, 1916-жылдагы трагедиянын курмандыктарынын мемориалына гүл коюшту.
Сүйлөшүүлөрдө тараптар энергетика, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба, каржы жана маданият тармактарында кызматташууну талкуулашты. Бир нече багыт боюнча документтерге кол коюлду. Өмүракунова белгилегендей, тышкы саясатта достук жөнүндөгү жалпы сөздөр эмес, реалдуу долбоорлорго айлана турган келишимдер маанилүү.
Саясат таануучу Кыргызстандын Африка Биримдигинде байкоочу макамын алышын өзгөчө белгилейт. Президент Садыр Жапаров бул макам Кыргызстанга ушул жылдын февраль айында берилгенин билдирди. Бишкек үчүн бул Африка мамлекеттери менен түз жана үзгүлтүксүз диалог жүргүзүү үчүн жаңы аянтча болуп саналат.
Мындай кадамдын практикалык эсептөөсү да бар. Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөтүүдө. Африка өлкөлөрү БУУнун Башкы Ассамблеясында олуттуу сандагы добушка ээ. Ошондуктан Африка менен иштөө өлкөнүн эл аралык позициясын бекемдөөгө жардам берет.
Того бул контекстте пайдалуу өнөктөш болушу мүмкүн. Өлкө салыштырмалуу кичинекей, бирок Батыш Африкада маанилүү орунду ээлейт. Ломе Гвинея булуңундагы ири порттук жана соода борборлорунун бири болуп саналат. Мындан тышкары, Того Африка Биримдигине, ЭКОВАСка, БУУга, Франкофонияга жана Улуттар Шериктештигине кирет.
Бул сапардын практикалык бөлүгү да байкалууда. Тогонун делегациясы "Учкун" ААКсына барып, паспорттордун, ID-карталардын, мамлекеттик номерлердин, акциздик маркалардын, монеталардын жана корголгон басма продукциянын өндүрүшү менен таанышты.
Омуракунованын айтымында, тоголук тараптын "Учкундун" мүмкүнчүлүктөрүнө карата кызыгуусу жаралган. Атап айтканда, паспортторду жана улуттук валютаны даярдоо жаатында кызматташуу каралышы мүмкүн. Кыргызстан үчүн сөз имидж гана эмес, экономикалык натыйжа жөнүндө да болуп жатат.
Ошол эле учурда саясат таануучу бир сапардан кийин эле кескин бурулушту күтүүгө болбойт деп эсептейт. Мындай процесстер убакытты талап кылат. Бирок расмий кабыл алуу, кол коюлган документтер, Африка Биримдигинин статусу жана "Учкунго" болгон кызыгуу Бишкек жаңы багытта иштей баштаганын көрсөтүп турат.
Анын баамында, Гнассингбенин сапары өз убагындагы жана рационалдуу кадам катары каралышы мүмкүн. Эми негизгиси бул кагаз жүзүндө гана калбастан, конкреттүү долбоорлорго, жол карталарга жана иш жүзүндө кызматташууга өтүшү керек. Ошондо гана Кыргызстан менен Тогонун мамилеси символдук жаңылык эмес, чыныгы тышкы саясий натыйжага айланат.
