Толубаева: Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдүн сапаты бир нече этаптагы текшерүүдөн өтөт
15 октябрь

Толубаева: Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдүн сапаты бир нече этаптагы текшерүүдөн өтөт

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы алгачкы ишмердүүлүгүн 2015-жылы башталган, бирок анда үй алуу механизми такыр башкача болгон – анда жарандар компаниянын өнөктөш банктарынан каражат алышкан. Ага ылайык, жаранга ипотека берүү же бербөө чечими өнөктөш банктар тарабынан кабыл алынган. Бул тууралуу “Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун Калкты тейлөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева билдирди.

Айтымында, өнөктөш банктар аркылуу ипотека берүү менен 8 жылда болгону 9400 үй-бүлө үйлүү болгон. Мындан улам, мамлекет турак жайга муктаж жарандарды мындай механизм менен толук камсыздоо мүмкүн эместигин билип, ипотекалык компанияга куруу иштерин жүргүзүү укугун берген.

“Андан бери 3 жыл өттү. 2015-жылы компаниянын уставдык капиталы 10 миллион сом болсо, учурда 87,5 миллиард сомду чапчыды.

Азыр ипотекалык турак жайлар өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында курулууда. Бишкекте 19 миңден ашуун батир курулуп жатса, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Баткен, Ош жана башка аймактарда да курулуш иштери кызуу жүрүүдө”, – деди Тотубаева.

Айтымында, турак жайлардын сапатына өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган үйлөр текшерүүнүн бир нече этабынан өтүшөт жана ар бир кыймыл компаниянын курулуш бөлүмүнүн, Президенттик иш башкармалыктын, Курулуш министрлигинин тыкыр көзөмөлүндө турат.