Бишкек шаарынын ШИИББнын КИБ кызматкерлери тарабынан “Притон” аталышындагы ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө
3 июль

Бишкек шаарынын ШИИББнын КИБ кызматкерлери тарабынан “Притон” аталышындагы ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Борбордук милициянын кызматкерлери тарабынан коомдогу адеп-ахлактык нормаларды сактоо жана чыңдоо максатында үзгүлтүксүз профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Бул иш-чаранын максаты коомдо жат көрүнүш жараткан интимдик кызмат #криим #бишкекшиибб көрсөткөн кыздарды, мыйзамсыз иштер жүргүзүлгөн жашыруун жайларды аныктоо болуп саналат. Өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгында, 30га жакын кыздар аныкталды жана 60 га жакын мончо, мейманканалар текшерилди. Кыздар райондук милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, административдик протоколдор түзүлдү. Салынган айып пулдун жалпы суммасы 100 000 сомду түздү.

Мындан тышкары, коомдогу адеп-ахлактык нормаларды сактоо жана мындай көрүнүштөргө жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, милиция кызматкерлери мындай жайларды аныктоо жана алардын ишин токтотуу багытында иш алып барууну улантышууда.