Элчи Марат Нуралиев Катар Өнүктүрүү Фондунун Башкы директору Фахад Аль-Сулайти менен жолукту
2025-жылдын 28-майында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Марат Нуралиев Катар Өнүктүрүү Фондунун Башкы директору Фахад Аль-Сулайти менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык өнүктүрүү жана гуманитардык кызматташуу жаатында эки тараптуу мамиленин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Бишкек шаарындагы тез жардам клиникалык ооруканасын куруу долбоорун ишке ашырууга бурулду. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын модернизациялоого жана социалдык чөйрөдө кыргыз-катар кызматташтыгын бекемдөөгө маанилүү салым катары каралат.
Мындан тышкары тараптар кыргыз-катар биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүү боюнча пикир алмашты. Бул фонд билим берүү, саламаттыкты сактоо жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү артыкчылыктуу долбоорлорду колдоонун натыйжалуу куралы боло аларына ишеним билдирилди.
Жолугушуунун жыйынтыгында маектешкендер өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин, ошондой эле белгиленген багыттар боюнча практикалык кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
